Оркестр коллективдери арасында сынак жарыяланды

Иш-чара Асанкан Жумакматовдун 100 жылдыгына карата арналат.
Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Оркестр коллективдери арасында II республикалык кароо-сынак фестивалы өтөрүн Улуттук маданий борбор билдирди. Иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин тапшырмасы менен аталган борбор тарабынан уюштурулууда.
Анда айтылгандай, сынак Кыргыз Республикасынын Баатыры, СССРдин эл артисти Асанкан Жумакматовдун 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Кароо сынактын тандоо туру 11-майда Бишкек шаарында болот.
"Сынакка катышкан бардык оркестр топтору 12-май күнү Бишкек шаарындагы Тарых музейинин алдында шаар конокторуна жана тургундарына концерттик программа тартуулашат", — деп маалымдашты борбордон.
Конкурска катышуучу оркестр топтору тарабынан төмөндөгү чыгармалар сөзсүз аткарылуусу керек:
Токтогул Сатылганов, "Миң кыял",
Асанкан Жумакматов, "Ак куу".
Ал эми гала-концерт үчүн сынакка катышуучу бардык оркестр курамы төмөндөгү чыгармаларды ойношот:
Атай Огонбаев, "Маш ботой",
Карамолдо Орозов, "Ибарат".
Борбордон оркестр коллективдеринин курамы 16 адамдан кем болбосу шарт экендигин эскертишти.
Чыгармалар төмөнкү талаптардын негизинде бааланат:
музыканын дал келиши;
музыкалык тилдеги оригиналдуулук;
музыкалык формалардын даана, так сакталышы;
оркестрде иштеп чыгуу;
улуттук кийим жана сахна маданияты.
Алдыңкы үч орунду ээлегендерге акчалай сыйлык, ошондой эле кызыктыруучу сыйлыктар каралган.
Мындан сырткары, "Мыкты дирижёр", "Айымдын мыкты үнү", "Мырзанын мыкты үнү" номинациялары аныкталып, акчалай сыйлык тапшырылат.
Байге фонду 200 миң сом. Акындар арасында сынак жарыяланды