Байдендер чет элдик булактардан 10 млн. доллардан ашык каражат алганы аныкталды

Президенттин каражатынын мыйзамдуулугун аныктоо үчүн АКШ Конгресси иликтөө жүргүзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. АКШ Конгрессинин иликтөөсү президент Жо Байдендин үй-бүлөсү чет элдик булактардан, анын ичинде Кытайдан 10 миллион доллардан ашык каражат алганын аныктады. Бул тууралуу Өкүлдөр палатасынын көзөмөл комитетинин төрагасы Жеймс Комер билдиргенин РИА Новости жазды.
Комер бул нерсени мыйзамдуу деп эсептебей турганын белгиледи.
Республикачылар баштаган иликтөөдө каражаттар Байден АКШнын вице-президенти болуп турганда түшүп турган болушу мүмкүндүгү айтылат.
"Банктын документтери Байдендин үй-бүлөсү жана алар менен байланышы бар адамдар чет элдик жарандардан жана компаниялардан 10 миллион доллардан ашык акча алганын көрсөтүп турат. Бул каражаттын бир бөлүгү кытайлык компаниядан Хантер Байдендин (президенттин уулу — ред.) эсебине түшкөнү аныкталды", — деген ал.
Тергөөнүн катышуучулары Байдендин үй-бүлөсүнүн кеминде тогуз мүчөсү акча алганын, ал эми алардын ишенимдүү адамдары 20дан ашык шектүү компаниялардын тармагын түзгөнүн айткан.
Байден буга чейин туугандарынын бизнес-операцияларынан кабары жок экенин, бирок алар мыйзамды бузбаганына ишенерин айткан.
Байден болушу мүмкүн делген дефолт АКШ экономикасын кыйратарын айтты