БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Лейлекте жергиликтүү тургундар менен аскер кызматкерлеринин ортосунда мушташ чыкты. Бул тууралуу алгач ЖМКлар жазып, кийин маалыматты Коргоо министрлиги тастыктады.
"Аталган факты боюнча тактоо жана териштирүү иштер жүрүп жатат", — деди ведомствонун маалымат кызматынан.
Башкы прокуратура бул окуя каттоого алынып, тергөө иштери башталганын билдирди.
Азырынча окуянын чоо-жайы белгисиз.