Келерки жумада Баткенде аба ырайы кандай болот?

Бийик тоолуу райондордо кар түшөрү айтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Кыргызгидромет кийинки аптада Баткен облусунда күтүлгөн аба ырайы тууралуу божомолун таратты.
Ага ылайык, 8-майда айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.
9-10-11-майда жаан-чачын күтүлбөйт.
Ал эми 12-13-14-майда айрым жерлерде жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 13-майда айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Быйыл дыйкан, фермерлерге каралган арзан насыянын 64 пайызы берилип бүттү