БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Россиянын Саратов облусунда жол кырсыгынан кыргызстандык аял каза болду. Кабарды РИА Новости агенттиги аймактык саламаттык сактоо министри Олег Костиндин билдирүүсүнө таянып жазды.
Маалыматка ылайык, дагы эки адам Дергачёв райондук ооруканасынан санавиация менен Энгельс шаарындагы ооруканага жеткирилген.
Кырсык кечээ, 29-апрелде, Саратов облусунда болгон. Анда жолдо бара жаткан жеңил унаа арыкка түшүп кеткен. Унааны 42 жаштагы адам башкарып бара жаткан. Айдоочу жана унаадагы үч жүргүнчү жабыркаган, төртөө тең Кыргызстандын жарандары. Алар адегенде Дергачев райондук ооруканасына жеткирилген.
"57 жаштагы кыргызстандык аял алган жаракатынан улам каза болду. 58 жаштагы дагы бир аялдын мээси жабыркаган, абалы оор. 19 жаштагы жигиттин мээси, бел омурткасы жабыркаган, абалы орто", — деген Костин.
Маалыматта башынан жаракат алган айдоочунун абалы орто экендиги жана дарылануудан баш тартканы жазылган.