Милиция май майрамдарында күчөтүлгөн тартипте иштейт

Майрам күндөрү тартип сакчылары элдин коопсуздугу үчүн бардык зарыл чараларды көрөт.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Милиция кызматкерлери май майрамдарына карата 1-майдан тарта 10-майга чейин күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматта коомдук тиртипти камсыздоо, өлкө аймагында мыйзамга каршы аракеттерди алдын алуу үчүн чаралар көрүлөрү айтылат. Ал эми өзгөчө маанидеги объектилер күчөтүлгөн коргоого алынат.
Министрлик республика боюнча майрам күндөрү элдин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн 5000ден ашык милиция кызматкери кызмат өтөй турганын кошумчалады.
Бишкек шаарына 145 жыл толду. Садыр Жапаровдун куттуктоосу