Быйылкы ажылык сапардын баасы белгилүү болду

Быйылкы жылы Меккеге 6 110 кыргызстандык бара алат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. 2023-жылдагы ажылык сапардын баасы 3900 доллар болгондугун Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан кабарлады.
"Ажыга барууга 1000 доллар төлөп мүмкүнчүлүк алган ар бир талапкер 12-17-апрель (17-апрелди кошо эсептегенде) ичинде РСК банктын иштөө убактысы бүткөнгө чейин калган 2900 доллар төлөөсү зарыл", — деп билдирди муфтияттан.
Көрсөтүлгөн баалар Аалымдар кеңеши, Борбордук текшерүү комиссиясы, муфтият кызматкерлери жана ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабынын мүчөлөрү тарабынан иштелип чыккан.
Былтыр ажылык сапардын баасы 4500 доллар болгон.
Бул жылы Меккеге 6 110 кыргызстандык бара алат, тагыраагы, ушунча сандагы квота бөлүнгөн.
Президент ажылык сапарды уюштурууда коррупцияга жол бербөөгө чакырды