Радио

Кыргызстанда жиу-житсу менен машыккандардын саны кескин өстү

Кыргызстандын Жиу-житсу федерациясынын вице-президенти Эламан Касыкеев ата-энелер коопсуздукту эске алып балдарын жиу-житсу спортуна алып келип жатканын айтты.
Sputnik
Кыргызстанда жиу-житсу менен машыккандардын саны кескин өстү. Азыркы учурда аймактарда жиу-житсуга кызыккандар көп. Бул тууралуу Эламан Касыкеев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө өспүрүмдөр жана кыздар арасында да атаандаштык күч ала баштады.
"Кыргызстанда жиу-житсу өнүгүп, жайылып баштаганына болжол менен 10 жылдай болуп калды. Өзгөчө акыркы учурларда машыккандардын саны кескин өскөнү байкалууда. Спорттук залдардын ачылышы менен ата-энелердин көбү балдарын жиу-житсуга алып келүүдө. Биринчиден, бул спорттун түрү коопсуз. Өлкөдө мусулмандар көп болгондуктан кимоно дененин бардык бөлүгүн жапканын эске алып, ынгайлуулугун айтышууда. Мындан тышкары, кыздар арасында да сүйүүчүлөр көбөйүп, атаандаштык жарала баштады. Мисалы, Казакстанда бул спортто кыздар абдан көп машыгып, күчтүү мектеп түптөй алышты", — деди Касыкеев.
Ошондой эле адис жиу-житсуну аймактарга жайылтуу ишине көңүл буруп, мелдештердин санын көбөйтүү керектигин кошумчалады.