Россияда окуй турган кыргызстандык студенттерге кандай шарттар сунушталат

Россиянын 30дан ашык жогорку окуу жайларынан жоон топ өкүл келип, кыргызстандык абитуриенттерге, ата-энелерге маалымат берип, аталган өлкөдөн билим алууга чакырып жатышат.
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Кыргызстандын бир нече шаарларында Россиядагы билим берүү, окуу жайлар боюнча көргөзмө өтүп жатат. Жергиликтүү абитуриенттерди Россия Федерациясынан билим алууга чакыруу үчүн ар кыл багыттагы 33 жогорку окуу жайдын өкүлдөрү келген.
Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берген Кыргызстандагы россиялык мекендештердин координациялык кеңешинин төрайымы Ольга Фролова Россияда билим алууга болгон суроо-талап өсүп жаткандыгын билдирди.
Кыргызстандагы россиялык мекендештердин координациялык кеңешинин төрайымы Ольга Фролов
"Көргөзмөнү 12-ирет өткөрүп жатабыз. Бул ЖОЖ өкүлдөрүнүн өз оозунан маалымат алуу үчүн абитуриенттерге түзүлгөн уникалдуу мүмкүнчүлүк. Бул жолу көп жерлерге уюштурабыз. Көргөзмө Бишкекте эле эмес, Кара-Балтада, Кантта, Токмокто да өтөт. Ал жакка Чолпон-Атадан, Шопоковдон, жанындагы айылдардан да келишет", — деп билдирди Фролова.
Санкт-Петербургдагы тоо-кен университетинин өкүлү Марина Родионова бул окуу жай Россиядагы эң тажрыйбалуу, көп жыл мурда түзүлгөн техникалык билим берүү жайларынын бири экендигине токтолду.
"Кыргызстандагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү бизге россиялык жаштар сымал эле тапшыра алышат: ички сынактардан өтүшү керек. Быйыл бизде "Мектеп лидери" деп аталган программа ачылды. Анын алкагында болочоктогу студент жогорулатылган стипендияга жана жатаканада жашоо укугуна ээ болот. Эгерде биринчи сессиясын ийгиликтүү тапшырса, ЖОЖ жана окуу жайдын өнөктөштөрү мекенине барууга жол билетин алып берет", — деди Родионова.
Анын айтымына караганда, россиялык олимпиадада байгелүү орунду ээлегендер бюджеттик бөлүмгө тапшырганга мүмкүнчүлүк алат.
Чита мамлекеттик медициналык университетинин өкүлү Владимир Бобрович аталган окуу жайга быйыл 420 бюджеттик орун бөлүнгөндүгүн, алар россиялык абитуриенттер жана КМШнын жарандары сымал эле укукка ээ экендигин айтты.
"Биздин окуу жай студенттерге бейтаптар менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк жараткан классикалык медициналык билим берүүнү ийгиликтүү түптөп алды. Алар ноокастарга чыкканга чейин керек болгон зарыл тажрыйбадан өтүшөт. Бардык абитуриенттер менен ата-энелерди, албетте, кайда жашай турганы түйшөлдүрөт. Биринчи курстун ар бир студентин кайсы мамлекеттен келгенине, бюджеттик же акча төлөп окуп жаткандыгына карабастан жатакана менен камсыздайбыз", — деди Бобрович.
Россия көркөм өнөр багытындагы окуу жайларынан бюджеттик орундарды берүүдө