Бишкектин окуучулары россиялык "Большая перемена" сынагынын шарты менен таанышты

Конкурс марттын аяк ченинде Сочиде башталган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Бишкекте окуучулар үчүн бүткүл россиялык "Большая перемена" сынагы тартууланды.
Иш-чара Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борборунда ("Русский дом") өткөн.
Бул Россиядагы балдар менен жаштарга арналган ири долбоорлордун бири. 2022-жылдан тарта сынак эл аралык деңгээлге чыккан. Катышуучулар 12 тематикалык багыт боюнча күч сынашып, жеңүүчүлөр "Артек" балдар борборуна барууга жолдомо алышат. Конкурстун төртүнчү сезону марттын аяк ченинде Сочи шаарында башталган.
1 / 4

Бишкекте окуучулар үчүн бүткүл россиялык "Большая перемена" сынагы тартууланды

2 / 4

Иш-чара Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борборунда ("Русский дом") өткөн

3 / 4

Бул Россиядагы балдар менен жаштарга арналган ири долбоорлордун бири. 2022-жылдан тарта сынак эл аралык деңгээлге чыккан.

4 / 4

Катышуучулар 12 тематикалык багыт боюнча күч сынашып, жеңүүчүлөр "Артек" балдар борборуна барууга жолдомо алышат. Конкурстун төртүнчү сезону марттын аяк ченинде Сочи шаарында башталган.

Иш-чарага келген балдарга "Артек. Большое путешествие" деп аталган россиялык тасма көрсөтүлдү. Фильм "Артекте" эс алып жүрүп өткөн чакка түшүп калган төрт жеткинчектин окуясын баяндайт.
Эскерте кетсек, былтыр кыргызстандык төрт катышуучу аталган конкурстун жеңүүчүсү болуп, Россиянын алдыңкы жогорку окуу жайларынан окууга мүмкүнчүлүк алышкан.
Кантта "Эскерүү багы" деп аталган эл аралык акция өтөт