Ош милициясы түнкүсүн жарамазан айткан балдарды кармап, ата-энесине айып салды

Балдарын кароосуз калтырган ата-энелерге чара көрүлдү.
Sputnik
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Ош шаарында түнүкүсүн жарамазан айткан 14 бала кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБи билдирди.
Маалыматта балдар жарамазан айтууну шылтоолоп акча сурап, жол кыймылына жолтоо болуп жатканы белгиленди.
"Ата-энелери тараптан тиешелүү көзөмөлү жок балдар кечкисин жана түнкүсүн жарамазанды шылтоолоп, коомдук жайларда кайыр сураганга өтүп алышты. Токтой калган машинага жүгүрүп, акча сураган учурлар дагы кездешүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Рейд учурунда 14 бала кармалып, ата-энелерине өткөрүп берилген. Аларга балдарын кароосуз калтырганы үчүн айып салынды. Ал эми "Боорукердик" балдар үйүнө бир бала өткөрүп берилген.
Жарамазан айткан балдардан тышкары интернет-клубдарда, шарты жок жайларда жашап жүргөн балдар дагы аныкталган. Оштогу балдардын реабилитациялык борборуна 53 өспүрүм жеткирилген.
Орозо бүтөрүнө 10 күн калганда башталат. Жарамазан айтуунун эрежеси