https://sputnik.kg/20210415/zharamazan-ajtuunu-tartibi-1052143625.html
Орозо бүтөрүнө 10 күн калганда башталат. Жарамазан айтуунун эрежеси
Орозо бүтөрүнө 10 күн калганда башталат. Жарамазан айтуунун эрежеси
Sputnik Кыргызстан
Орозо айы кирип келери менен айрымдар Жарамазан айтууну баштады. Бирок бул туура эмес. Элдик каада деп эсептелген жарамазан айтуунун өзүнүн тартиби бар. 15.04.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-04-15T15:48+0600
2021-04-15T15:48+0600
2021-12-14T14:27+0600
коом
кыргызстан
жарамазан
эреже
тартип
орозо
орозо-2021
орозо-2022
https://sputnik.kg/img/103968/97/1039689754_0:267:6016:3651_1920x0_80_0_0_fda9da70a1048df9fb5c8c7c6738452d.jpg
Аларды Sputnik Кыргызстан агенттигине этнограф Октябрь Капалбаев түшүндүрүп берген.Кыргыздын салты катары калыптанып калган жарамазанды илгери кедейлер айтып, колунда бар адамдардын үйүн каккылап ырдап, кардын тойгузуп, андан соң батасын берген. Аны менен катар эл ичинде кимдин үйүнө жарамазан айтып барса кут кирет деген түшүнүк орун алган.Жарамазан орозо менен эле дароо башталбайт. Аны орозонун 20-күнүнөн кийин, акыркы жумаларында айтышкан. Ыйык түндө жерге периштелер түшүп, адамдын каалоо-тилектери аткарылат деген ишеним жашаган.Жарамазан күндүз айтылбайт. Көчмөн кыргыз эли малын короого киргизип, ооз ачкандан кийин гана оюн-зоокту баштаган. Мындан улам жарамазан айтуу да кеч кирип, эл ооз ачкандан кийин жанданган. Азыр да бул тартип сакталып келет.Жарамазанды балакаттан өткөндөр айткан. Азыр жарамазанды балдар айтып жүрөт. Бирок мурда аны 12 жаштан өйдө, бойго жеткендер — бозойлор айткан. Алар жарамазанды жөн эле айтпастан, маани-маңызына жараша аспаптын коштоосунда ырдашкан.Кыздар айтканга болбойт. Жарамазанды кыздар эч качан айткан эмес.Чала-чарпыт айтпаш керек. Жарамазан — бир-эки саат ырдала турган ыр. Аны да уйкаштыра, куюлуштура сүйлөгөн, акындык өнөрү бар жигиттер айткан. Төрт-беш сап менен будамайлап коюу жарамазан деп эсептелбейт.Балдар бата бербейт. Кыргыздын салт-санаасы боюнча оозунда сөөлү, таңдайында мөөрү бар очор-бачарлуу, бала-чакалуу, турмушта көп нерсеге жетишкен адамдар гана бата бере алган. Баланын алакан жайып, акыл айтышы осол иш деп саналган.Жарамазан айткандарды куру кол кетирбейт. Кыргыз босогодогу кишини эч качан кубалап, "кет" деген эмес. Ал тургай душманы келсе да тосуп алган. Жарамазан айткандарды үйдөн тамак берип же баштыгына бир нерсе салып узатышкан.Жалгыз киши айтпайт. Жарамазан жамааттын ыры болгондуктан аны жок дегенде 5-6 адам айтат.
https://sputnik.kg/20210413/muftiyat-mal-zeket-1052108205.html
https://sputnik.kg/20210402/dssu-musulmandar-ramazan-ayy-korgonuu-erezheleri-saktoo-chakyruu-1051978367.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103968/97/1039689754_30:0:5385:4016_1920x0_80_0_0_8445e9f4942188a24c18329f8ce3a640.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
коом, кыргызстан, жарамазан, эреже, тартип, орозо, орозо-2021, орозо-2022
коом, кыргызстан, жарамазан, эреже, тартип, орозо, орозо-2021, орозо-2022
Орозо бүтөрүнө 10 күн калганда башталат. Жарамазан айтуунун эрежеси
15:48 15.04.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Орозо айы кирип келери менен айрымдар Жарамазан айтууну баштады. Бирок бул туура эмес. Элдик каада деп эсептелген жарамазан айтуунун өзүнүн тартиби бар.
Аларды Sputnik Кыргызстан агенттигине этнограф Октябрь Капалбаев түшүндүрүп берген.
Кыргыздын салты катары калыптанып калган жарамазанды илгери кедейлер айтып, колунда бар адамдардын үйүн каккылап ырдап, кардын тойгузуп, андан соң батасын берген. Аны менен катар эл ичинде кимдин үйүнө жарамазан айтып барса кут кирет деген түшүнүк орун алган.
Жарамазан орозо менен эле дароо башталбайт. Аны орозонун 20-күнүнөн кийин, акыркы жумаларында айтышкан. Ыйык түндө жерге периштелер түшүп, адамдын каалоо-тилектери аткарылат деген ишеним жашаган.
Жарамазан күндүз айтылбайт. Көчмөн кыргыз эли малын короого киргизип, ооз ачкандан кийин гана оюн-зоокту баштаган. Мындан улам жарамазан айтуу да кеч кирип, эл ооз ачкандан кийин жанданган. Азыр да бул тартип сакталып келет.
Жарамазанды балакаттан өткөндөр айткан. Азыр жарамазанды балдар айтып жүрөт. Бирок мурда аны 12 жаштан өйдө, бойго жеткендер — бозойлор айткан. Алар жарамазанды жөн эле айтпастан, маани-маңызына жараша аспаптын коштоосунда ырдашкан.
Кыздар айтканга болбойт. Жарамазанды кыздар эч качан айткан эмес.
Чала-чарпыт айтпаш керек. Жарамазан — бир-эки саат ырдала турган ыр. Аны да уйкаштыра, куюлуштура сүйлөгөн, акындык өнөрү бар жигиттер айткан. Төрт-беш сап менен будамайлап коюу жарамазан деп эсептелбейт.
Балдар бата бербейт. Кыргыздын салт-санаасы боюнча оозунда сөөлү, таңдайында мөөрү бар очор-бачарлуу, бала-чакалуу, турмушта көп нерсеге жетишкен адамдар гана бата бере алган. Баланын алакан жайып, акыл айтышы осол иш деп саналган.
Жарамазан айткандарды куру кол кетирбейт. Кыргыз босогодогу кишини эч качан кубалап, "кет" деген эмес. Ал тургай душманы келсе да тосуп алган. Жарамазан айткандарды үйдөн тамак берип же баштыгына бир нерсе салып узатышкан.
Жалгыз киши айтпайт. Жарамазан жамааттын ыры болгондуктан аны жок дегенде 5-6 адам айтат.