Путин Союздук мамлекетти Евразиядагы биримдиктин локомотиви деп атады

Мурдараак Путин санкциялык басымдарга карабай, эки тарап эл аралык аренадагы кадамын натыйжалуу таштап жатканын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. РФ президенти Владимир Путин Россия менен Беларусь элинин биригүүсүнө арналган салтанаттуу жыйындын катышуучуларына куттуктоосун жиберип, жалпы аракеттин аркасында союздук мамлекет Евразия мейкиндигиндеги интеграцияда локомотив болгонун атады. Бул тууралуу Кремлдин сайтында кабарланган.
Мурдараак Путин Беларусь лидери Александр Лукашенкого Россия менен Беларусь элдеринин биригүүсү боюнча куттуктоо жиберип, санкциялык басымдарга карабай, эки тарап эл аралык аренадагы кадамын натыйжалуу таштап жатканын айткан.
"Урматтуу достор! Россия менен Беларусь элдеринин биригүү майрамы менен чын дилимден куттуктайм. Бул майрам боордош элдин бузулбаган достук, маданий, руханий байланыштарынын, нравалык баалуулуктарынын символу. Биздин жалпы аракетибизден улам союздук мамлекет евразиялык мейкиндиктеги интеграциялык процесстерде локомотив болуп саналат", — деп айтылган телеграммада.
Ал азыркы учурда Россия менен Беларустун жарандарын медицинада, билим берүүдө, социалдык жактан жана пенсия менен камсыздоодо, жашаган жерин, ишин тандоодо тең укуктуулук менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү түзүлгөнүн айткан.
Анын айтымына караганда, экономикалык жана илимий техникалык өнүгүү программалары пландалган жаатта ишке ашууда. Регион менен шаарлардын линиясы боюнча кооперация жана парламент аралык өз ара кызматташуу кеңейип жатат.
Президент салтанаттуу жыйындын катышуучуларына жакшылыктарды жана ийгиликтерди каалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин Минскини атайын операцияга тартууну каалабайт. Песковдун билдирүүсү