Жалал-Абад, Баткен жана Кербен аэропорттору оңдолуп жатат. Сүрөт

“МЭА” ААК жетекчиси жаңыланган аэропорттор башка аймактар үчүн авиациялык инфраструктураны өнүктүрүүнүн үлгүсү болорун белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы Баткен, Кербен жана Жалал-Абад шаарларындагы аэропорттор кандай жаңыланып жаткандыгы тууралуу маалымат берди.
1 / 2

"Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы Баткен, Кербен жана Жалал-Абад шаарларындагы аэропорттор кандай жаңыланып жаткандыгы тууралуу маалымат берди

2 / 2

"МЭА" ААК башкаруучулугунун төрагасы Манасбек Самидинов 30-31-мартта аталган аэропорттордо болду. Ал Баткенде асфальт-бетон төшөлмөсүн, учуп-конуу тилкесин жана учак токтотуучу жайларын оңдоо жана калыбына келтирүү иштери менен таанышты

"МЭА" ААК башкаруучулугунун төрагасы Манасбек Самидинов 30-31-мартта аталган аэропорттордо болду. Ал Баткенде асфальт-бетон төшөлмөсүн, учуп-конуу тилкесин жана учак токтотуучу жайларын оңдоо жана калыбына келтирүү иштери менен таанышты. Самидинов Кербен жана Жалал-Абад аэропортторунда оңдоо-калыбына келтирүү иштерине даярдыкты көрдү.
"Жалал-Абад аэропортунун кире беришиндеги короо аянтчасын жакшыртуунун алкагында стела орнотулду. Учурда аэропортко темир конструкциядан тосмо орнотуу иштери жүрүп жатат", — деп билдирди “МЭА” маалымат кызматы.
Самидинов жаңыланган аэропорттор башка аймактар үчүн авиациялык инфраструктураны өнүктүрүүнүн жакшы үлгүсү болоруна ишеним билдирди.
Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстанда ички каттамдар жанданарын билдирген.
Бишкек — Жалал-Абад — Бишкек авиакаттамынын саны көбөйтүлдү