БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Садыр Жапаров Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментин пландан тышкары текшерип барды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев кабарлады.
Анда айтылгандай, департаменттин аймагында көп жылдардан бери жараксыз абалга келген автобустар токтоп турат. Жакын арада өлкө башчынын тапшырмасы менен Бишкекке дагы 1000 автобус алып келинет. Андан кийин бардык кичи автобустар шаардын четине чыгарылат.
"Жапаров жараксыз эски автобустарды тез арада металлоломго чыгарууну жана аймагын кеңейтип, жаңы автобустарга орун даярдоону тапшырды. Мындан тышкары, башкармалыктын аймагында техникалык тейлөө станциясын куруу боюнча иштерди тездетүүнү эскертти. Аны келишим боюнча жаңы алып келинген автобустардын өндүрүүчүсү болгон кытайлык завод курат", — деди Султанбаев.
Ошондой эле ал техникалык тейлөө станциясында бардык жаңы автобустар оңдоодон өтүп турарын кошумчалаган.