Өзгөндө ири жер көчкү айылга жакындап, 18 үй-бүлө эвакуацияланды

Кечээ көчкү турак жайларга 300 метр жетпей токтогон, бирок жылып отуруп учурда 120 метр аралык калды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Өзгөн районунун Карл Маркс айылынын Кызыл-Күнгөй тилкесиндеги жер көчкүдөн улам 18 үй-бүлө коопсуз жайга көчүрүлдү. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
1 / 3

Өзгөн районунун Карл Маркс айылынын Кызыл-Күнгөй тилкесиндеги жер көчкүдөн улам 18 үй-бүлө коопсуз жайга көчүрүлдү

2 / 3

Кечээ, 22-мартта, таңкы саат 05:00 чамасында жер кыртышы активдешип, болжол менен 1 миллион метр куб жер көчкү түшкөн

3 / 3

Аталган тилкеде 18 турак үйгө коркунуч пайда болуп, айылга 300 метр жетпей токтогон.

Кечээ, 22-мартта, таңкы саат 05:00 чамасында жер кыртышы активдешип, болжол менен 1 миллион метр куб жер көчкү түшкөн. Аталган тилкеде 18 турак үйгө коркунуч пайда болуп, айылга 300 метр жетпей токтогон.
Буга байланыштуу Өзгөн районунун жарандык коргонуу кызматтарына "айгай" жарыяланып, 24 куткаруучу, айыл өкмөт тарабынан 40 адам, бир Howo, беш портер, үч КамАЗ, бир жүктөгүч жана жеке унаалар тартылганы белгиленди.
"18 турак үйдүн 195 тургуну жеңил үй-тиричилик буюмдары менен Куршаб айылындагы туугандарына көчүрүлгөн. Жер көчкү акырындан жылып, учурда турак үйлөргө 120 метр калды. Жеринде тийиштүү органдар тарабынан көчкүнү көзөмөлдөөгө нөөмөт уюштурулган. Акимдин буйругунун негизинде Карл Маркс айылына I даражадагы табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал жарыяланды", — деп айтылат маалыматта.
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов аталган айылга барып кырдаалды көзөмөлгө алууда.
ӨКМдин маалыматына ылайык, Кызыл-Күнгөй тилкесинде жер көчкү түшүү коркунучу 2017-жылдын жаз айларында активдеше баштаган. Былтыр 5-сентябрда жашоого кооптуу делген корутунду чыгарылып, 18 үйдүн жашоочуларын көчүрүү керектиги сунушталган.
Тажикстанда катуу жер титиреп, аны кыргызстандыктар да сезди