Кыргызстандыктар марттын аягында планеталар парадына күбө боло алат

Кийинки планеталар парады 2040-жылга туура келет.
Sputnik
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Кыргызстандыктар быйыл 28-мартта планеталар парадына күбө боло алат. Бул тууралуу астрономиялык институттун илимий катчысы Игорь Ибрагимов Sputnik агенттигине берген маегинде билдирди.
"Ал түнү Юпитер, Меркурий, Венера, Уран жана Марс бир катарга тизилет. Мындай көрүнүштү 28-марттан бир нече күн мурун жана кийин дагы байкаса болот", — деп айтылат маалыматта.
Эксперттин айтымында, бул көрүнүштү күн баткандан кийин ачык аянттардан же көп кабаттуу үйлөрдүн үстүңкү кабаттарынан эч кандай көйгөйсүз көрүүгө болот. Венера планетасы эң жакшы көрүнөт, ал эми Уран менен Марсты көрүүгө дүрбү же телескоп керек болот.
Эске салсак, акыркы жолу планеталар парады 2012-жылдын июнь айында болгон, ал эми кийинкиси 2040-жылга туура келет.
Адамдар Марска качан коно алат? Илон Масктын жаңы божомолу