Өзбекстан ким тарапта? Мирзиёев көп берилген суроого жооп берди

28-февралда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Ташкентке келген болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ташкент нейтралдуу позицияны карманып турганы ири өлкөлөргө жакпай жатканын билдирди.
"Өтө кыйын заман болуп жатат. Чоң-чоң мамлекеттер "Өзбекстан, сен ким тараптасың? Нейтралдуу болгонду токтотуп же бул, же тигил тарапка өт" деп жатышат. Катуу айтып, өкүлдөрү, өздөрү да келип ушуга үндөп жатышат. "Бизге Өзбекстан керек, калкы 36 миллион болду, үч-төрт жылдан кийин 40 миллионго жетип Орто Азиядагы эң чоң мамлекетке айланат. "Сен ким тараптасың?" деген сөздөр айтылууда. Мындай оор суроого кандай жооп бериш керек? Бир эле жооп бар, мен бир гана тараптамын. Мен улутум, элим, улуу Өзбекстаным үчүн өлгөнгө да даярмын деп жооп берем", — деди Мирзиёев.
Белгилей кетсек, 28-февралда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Ташкентке келген болчу.
Акылбек Жапаров Өзбекстанда жашаган этникалык кыргыздар менен жолукту