БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Жер титирөөдөн дээрлик толугу менен кыйраган Түркиянын Нурдагы шаарынын мэри Оккеш Кавак кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКларга шилтеме берип РИА Новости жазды.
Катуу жер титирөөдөн соң жана жүздөгөн адамдар каза болгондон кийин укук коргоо кызматкерлери сапатсыз үйлөрдү кимдер курганын аныктай баштаган. Мындан улам бир нече курулуш компаниясы мэрдин инисине таандык экени белгилүү болду.
Андан тышкары, шаардык кеңештин депутаты, курулуш комиссиясынын штаттан тышкаркы мүчөсү Юнус Кая да кармалган. Прокуратура анын мэрдин үй-бүлөсү менен биргелешкен долбоорлору бар экенин аныктады.