БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Бишкекте Баткендеги чек ара жаңжалында каза тапкан жоокерлерди эскерген иш-чара өтүп, ага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
"Карегимде мекен чеги" аттуу иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда болду.
Социалдык тармакка тараган видеодон Ташиев балдак менен жүргөнүн көрүүгө болот.
Иш-чарага 2022-жылдын сентябрь айындагы чек ара жаңжалында курман болгон жоокерлердин үй-бүлө мүчөлөрү, чек ара кызматкерлери жана башка коноктор катышкан.
Ташиев жалпы мекен коргоочуларын майрамы менен куттуктап, курман болгон жоокерлердин эрдигине таазим кылып, алардын жакындарына ыраазычылыгын билдирди. Төрага баатырлардын эрдиги эч качан унутта калбай турганын кошумчалады.