Радио

Акматов: этнопедагогиканы окутуу жолун мугалимдерге үйрөтүү керек

"Мариф" билим берүү комплексинин директору, педагогика илимдеринин доктору Кыялбек Акматов баланын тарбиясына ата-эне эле эмес, мугалим да жооптуу деп эсептейт.
Sputnik
Мугалим билим берет, ал эми баланын тарбиясы ата-энеден көз каранды деген көз караштагы педагогдор да бар. Айрым кесиптештерим мүмкүн болушунча тарбия жоопкерчилигин өздөрүнөн алыстата беришет. Бул туура эмес. Мугалим баланын билимине эле эмес, анын инсандык калыптануусунун пайдубалы болгон тарбияга да жооптуу. Мындай пикирин Кыялбек Акматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, орто мектеп, жогорку окуу жайларда этнопедагогиканын үлгүсүндө окутууну колго алуу зарыл.
"Мен педагог катары бала үйдөн тарбия алат деген көз карашты колдобойм. Жеке пикримде, мектеп биринчи кезекте окуучуга тарбия берүүсү керек. Билим берүү мекемелеринде "татыктуу тарбия, анан сапаттуу билим" деген ураан болушу шарт. Анткени бала тарбиясыз достору, классташтары, мугалимдери менен мамиле түзө албайт. Окууга болгон дилгирлиги жок болот. Андыктан мектеп тарбиянын очогу болушу керек. Бул үчүн этнопедагогика же кыргыздын улуттук наркын камтыган тарбияны жандандырып, атайын программаларды иштеп чыгып жайылтуу зарыл. Педагогдорду даярдаган окуу жайларда муну үйрөтүшүбүз керек. Тарбиялоонун каражаты катары фольклордук чыгармалар, макал-лакаптар, жомоктор колдонулат. Мурда келечекте мугалим боло турган студенттерге этнопедагогика деген атайын предмет кирчү. Азыр, тилекке каршы, алып салынган. Биз жаш мугалимдерди унутулуп бараткан каада-салт, нарк-насилге окутуп, аны балдарга үйрөтүүнү колго алышыбыз керек болуп турат", — деди Акматов.
Педагог балдарга жалпы адамзаттык жана улуттук баалуулуктарды үйрөтүүнү колго алуу зарылдыгын кошумчалады.