Нарында өзгөчө кырдаал режими алынды

Майда көчкү түшүү кооптуулугу дагы деле бар. Ошондуктан айдоочуларга 500 метр аралыкты жана жол коопсуздук эрежелерин сактоо сунушталат.
Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Нарын облусунун аймагында аба ырайы турукташкандыгына байланыштуу өзгөчө кырдаал режими алынды. Бул тууралуу ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 286-306-чакырымдарындагы кооптуулук жараткан кар көчкүлөр өз алдынча жана атайын атып түшүрүлгөн.
Нарын гидрометеорология борборунун башчысы Талант Үсөналиевдин билдирүүсү боюнча, Бишкек — Нарын — Торугарт жол каттамынын 301-306-чакырымында (Кара-Үңкүр капчыгайынын ичи) майда көчкү түшүү кооптуулугу дагы деле бар. Ошондуктан айдоочуларга 500 метр аралыкты жана жол коопсуздук эрежелерин сактоо сунушталат.
Эске салсак, 17-февралда Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун беш тилкесине көчкү түшүп жол жабылгандыгынан жана көчкү түшүү кооптуулугунан улам Нарын облусунун аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
Күн ысыйбы? Март айына карата аба ырайы