Түркиядагы зилзалада каза болгон кыргызстандык келиндин сөөгү жерге берилди

Маркумдун артында бир уулу калды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Түркиядагы зилзалада курман болгон кыргызстандык Медина Бактачиева акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдирди.
Маалыматта маркумдун сөөгү Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Кызыл-Өзгөрүш айылында жерге берилгендиги айтылат.
“Медина Бактачиева Түркияда жашап, эмгектенип жүргөн. Анын артында бир уулу калды. Айылдаштары эне-бала алты жылдан бери көрүшө электигин айтты”, — деп билдирди муфтият.
Акыркы маалыматтар боюнча, Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 36 миң 187ге жетти.
Түркиядагы кыргыз куткаруучулары издөө иштерин Хатай шаарында улантат