Сириядан кыргызстандык аялдар балдары менен алып келинди

Атайын борт Кыргызстанга бүгүн эртең менен конгон.
Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. "Айкөл" гуманитардык миссиясынын алкагында Кыргызстанга Сириянын чыр-чатак болгон аймагынан кыргызстандык аялдар менен балдар алып келинди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Атайын борт Кыргызстанга бүгүн эртең менен конгон. Бул иш-чара ден соолугуна, өмүрүнө коркунуч жаралган бөбөктөрдү куткарууга багытталган.
"Балдарды мекенине кайтаруу президент Садыр Жапаровдун, министрлер кабинетинин жана мамлекеттик органдардын саясий эрктүүлүгүнүн, Кувейттеги Кыргызстандын элчилигинин, ЮНИСЕФтин жана Кызыл чырым уюмунун колдоосу менен ишке ашты", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстанга келген балдарды тынч жана коопсуз жашоого көндүрүү үчүн реабилитациялык борборго жайгаштырылат.
Сирияда 40 саат уранды алдында жаткан үч бала менен чоң кишини алып чыгышты. Видео