БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 12-14-февралда Будапештке расмий сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Маалыматка ылайык, сапардын алкагында мамлекет башчы Венгриянын президенти Каталин Новак менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Андан сырткары, Венгриянын Улуттук Ассамблеясынын спикери Ласло Кевер жана премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушуусу да пландалууда.
Бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу мерчемделген. Мындан башка бул күндөрү Будапештте кыргыз жана венгриялык ири компаниялардын катышуусунда бизнес-форум өтөт.