БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Кыргызстандык куткаруучулар Түркияда дагы бир баланы аман-эсен алып чыгышты. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, алар 12-февралга караган түнү саат 2:30 чамасында Алиайчичек аттуу жети жаштагы жеткинчекти уранды алдынан табышкан.
Тилекке каршы, ал жерде баланын апасы жана агасы каза болуп калган. Алардын сөөгүн чыгарып туугандарына өткөрүп беришкени айтылды.
ӨКМдин кызматкерлери кечээ да кош бойлуу келинди жана 16 жаштагы өспүрүмдү куткарган болчу.
Белгилей кетсек, 6-февраль күнү Түркияга Кыргызстандан 63 кишиден турган куткаруучу топ жөнөтүлгөн. Бүгүн дагы 100 куткаруучу атайын борт менен учуп кетүүгө даярдык көрүп жатат.