БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Ош шаарында аралаш мушташ боюнча спортчулардан турган кылмыштуу топтун мүчөлөрү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдирди.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 4-февралында кылмышка шектүү үч жаран Ош шаарынын тургунун опузалап, акча талап кылган.
"Кылмышка шектүүлөр Ош шаарынын тургунун жолугушууга чакырып, ага күч колдонуп, тамагына бычак такап коркутушкан. Анын башына баштык кийгизип, белгисиз тарапка алып кетишкен. Андан кийин темир балка менен сабап, он күн ичинде 600 миң сом табуу шартын коюшкан", — деп билдирди УКМК.
Кармалган спортчулар тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.