Көөкөр — уйдун, төөнүн терисинен ашатылбай ышталып жасалган идиш. Кол өнөрчүлөр жаңы сыйрылган теринин жүнүн устара менен кырып алгандан кийин өсүмдүктүн тамырын кошуп кайнатып алып, керектүү суюктукту даярдап, ага терини үч-төрт күн чылаган. Жумшап калган терини бычып, шибеге, теменени колдонуп малдын тарамышынан ийрилген жип менен тиккен. Ал жип башында жумшак болсо, кургаганда ийне өткөн жерлери чыңалып суу чыгарчу эмес. Көөкөр кургаганда ичине топурак аралаш кумду ийиктин сабы менен шыкаган. Ошондо көөкөр өз формасына келген, ичиндегиси толук кургагыча жыгач менен сыртына оюулар тартылып, көөкөрдүн бурчтары, ийини, мойнуна күмүш, мис, жез, коло, калай чөгөрүлгөн.
Андан соң ичиндеги кумду алып тазалап, табылгы, карагайдын тобурчагы менен ыштап, май менен майлап колдоно баштаган.