Бишкек чоң айылга айланып калышы мүмкүн. Жапаров шаардыктарга кайрылды

Бишкек илимдин, билимдин жана каржынын борбору болушу керектиги белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Шаардагы тазалыкты камсыздоо — муниципалитеттин ишиндеги негизги багыттардын бири. Өз убагында чара көрбөсөк Бишкек чоң айылга айланып калышы мүмкүн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
1 / 3

Шаардагы тазалыкты камсыздоо — муниципалитеттин ишиндеги негизги багыттардын бири. Өз убагында чара көрбөсөк Бишкек чоң айылга айланып калышы мүмкүн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

2 / 3

Ал борбор калаанын 2022-жылдагы ишинин жыйынтыгын чыгаруу жана 2023-жылга карата пландары боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын кеңейтилген коллегиялык жыйынына катышты

3 / 3

Ал республиканын борбору өлкөнүн өнүгүүсүнүн маанилүү индикатору экенин белгиледи.

Ал борбор калаанын 2022-жылдагы ишинин жыйынтыгын чыгаруу жана 2023-жылга карата пландары боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын кеңейтилген коллегиялык жыйынына катышты.
"Жарандар шаар маданиятына жаштайынан үйрөнүшү керек. Таштанды таштабоо, түкүрбөө, таштандыны иргөө, бөлөк адамды урматтоо деген сыяктуу нерселер бала кезден сиңирилиши керек. Биз жаңы конуштарды борбордун толук кандуу бөлүгү катары кабылдап, ал жердеги шарттар шаардын борборундагыдай деңгээлде болушу керек", — деди Жапаров.
Ал республиканын борбору өлкөнүн өнүгүүсүнүн маанилүү индикатору экенин белгиледи.
"Планга ылайык, шаарда 2023-жылы 1500дөн ашык экологиялык таза автобустар жүрүшү керек. Биз ошондой эле таксилер үчүн газ менен жүрүүчү унааларды сатып алуу идеясын колдоого даярбыз. ЖЭБди Бишкек шаарынын мэриясына этап-этабы менен өткөрүү боюнча иштер жүрүп жатат. Жаңы конуштарды газдаштыруу боюнча активдүү иштер башталат. Жаңы турак жай комплекстерин пландаштырууда унаа токтотуучу жайлар каралышы керек. Бул тиешелүү уруксат документтерин алуу милдеттүү шарт болуп калууга тийиш. Эң негизгиси, борбор калаанын тургундары жана меймандары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү зарыл", — деди премьер-министр.
Ал ошондой эле Бишкек шаары жакынкы келечекте жарандар бакубатчылыкта жана коопсуздукта жашай турган илимдин, билимдин жана каржынын борбору болуп калышы керектигин кошумчалады.
Бишкекте суу жана канализациянын тарифин көтөрүү пландалууда