Эр эңиштин байгеси. Каркырадагы Көкөтөйдүн ашында кыргыздар бардык улуттук оюндарын көрсөтмөк болду, чакырылган коноктордун кой дешке алы келбейт да, кантип биз мындай мелдешке чыкпайбыз деп айтат. Дагы бир күн Көкөтөйдүн көк туусу көтөрүлдү көк тиреп, Ырамандын Ырчы уулу жар чакырды келгиле деп, көпчүлүк карап турду мелтиреп. Эки жаат эр эңиш салсын деди, атка мыкты балбандар, эчен байге алгандар, аттары кыйтыр чабандестер чыксын деди. Байгесин айтты Ырчы уул: токсон кара, беш жүз кой. Кытайдан Шаңдөөгөр деген чыга келди заматта, бул балбаны Туңша кытай нуркунан, Түп-Бээжиндин журтунан экен. Мингени Ачбуудан аттын иниси Куучабдар. Анысы ойнойт жаныбар. Ал Күн чыгыш калкынын атынан чыкты. Муну көрүп Күн батыш жаккы калктан Чыноончүк баатыры камынды. Ал "астыңкы эрди албайып, үстүңкү эрди далбайып, эки ийнин жапкандай, эки кулак калдайып" өзүнчө бир жан экен. Экөө көрүнөө кирди көсөлдөр көз жетпеген көп жанга, аттарын теминип чуратты, тозоңду тоодой кылып буратты. Биринчи маңдайлаша келгенде Чыноончүк колду салыптыр. Экөө тынбай алышты, колун берип, кайра тартып калышты, бири-бирин жеңе албай колдорун алтымыш кайра салышты, кайра алтымыш алышты. Күн батыш калкы күңгүрөдү, аларды коштоп көпчүлүк дүңгүрөдү. Айкырышты, кыйкырышты. Бири-бирин кармашат, кармаган жерден кара кочкул уюган кан кетет, кан кеткен жерден жан кетет. Кытай жагы кыйкырса, калмактар аларды сүрөшөт. Эки дөө эңиш кылганда бири-бирин жеңе албай, аттар эңип кете албай, акыры мезгил жылып күн асмандан түшүп, күүгүм кирди. Эми болду го деп балбанын айрып алууга карыя Күшөң чал жетти. Күшөңдү көздөп ат чаап кыргыз Акбай да кетти. "Шаңдөөгөр балам, койгун" деп, Күшөң чал айта салганы, коштоп бура тартарда "коё бербе, туткун" деп, Акбай айтып калганы, ошол кезде Бээжинден келген балбаны бастырып чыгам дегенче Чыноончүк анын колун тутуп, атына басып, анан сүйрөп тартты. Кытай журту дагы алдырды.
Өчөгүшүү жана той. Балбаны алдырып салганга кытайлар аябай арданды. Жарчылар кечки конокко чакырды. Кыргыз, кытай кектешти, бири-бирин жектешти. Каркыранын боюнда, Кара-Суунун оюнда, Кайнар-Кашат, Үч-Башат, Кетменге кеткен эл чети, Кызыл-Кыя бир чети, туура жагын караса Аягүздүн ашуу жол, жетигенин караса Чабдардын бою дагы кол жайнап эле жатып калды. Кара кыргыз элине, эли эле эмес жерине өзгөлөр конок болушту. Кысырак эмген тай берди, кою менен уюнан бышырып аппак май берди, жабуу, төшөк кылгыла деп торгун, тубар, шай берди, Күн батыштын калкына кайнатып кызыл чай берди, жей турганын бир бөлүп, жылкы союп май берди, өңкөй кыргыз балдары Көкөтөйдүн ашы деп, кылым даңктаар той берди.
Коңурбайдын амал ойлоп табышы. Арысы алты, токтогону жети, бириси эки күн деп эсептешти билермандар байгеге кеткен күлүктөрдүн келишин чагылап. Кытайлардан Коң төрө жан шериктерине шыбырады: "Жакыныраак ат келсе жаалды катуу салыңар, жан аябай баарыңар, жашың менен карыңар, мусулмандан ат келсе түк койбоңор, баарыңар, жүргүзбөй жыгып салыңар!" Муну уккан кытайлар камыкпай катуу турушту, буруттардан бугун алмак болушту. Кытай, калмак, манжуну кыргыздардын өлүп калган адамга аш бергени, ал аштын ааламга угузган даңкы, Төштүк, Манас дегендердин дөөлөткө толуп кетиши, Катагандын Кошоюнун той башы болуп алышы, кылым кытай журтуна кырдагы бир элдин теңелгиси келгени ичин ачыштырды. Ошону үчүн ушул таптан урушуп убатпасак, урган тамдын түбүнөн кулатпасак, булардын жерине кытайдан улук коюп суратпасак болбойт деп чыгышты ичтен да, тыштан да. Аны үчүн гүлбагын бузуп күл кылып уратыш керек, баш көтөргөн мыктысын сулатыш керек. Кумул, Чаган, Агылык, Эмил, Бөкөн, Тагылык, Сыябушта калмак бар, Калмакта Ушаң, Карамар, Чантуу бар, Уркун, Эртыш – эки суу калмактын жайы мына бу, Эрименин чөлү бар, Күн жүрүшү жагында Ит ичпестин көлү бар, баарында калмак эли бар, анан ушуларды пас жактан келген бирөөлөр ээлик кылмак беле, келгиле ашына азап кылалы, айтууга мазак кылалы, тоюна тозок кылалы, тобуна азап кылалы, чоңойтпой журтун кыралык, жогорулаган чантууну жоготуп алып тыналык, кызы өспөсүн жашынан, жок кылалы башынан, ошондо Какандын калың журтуна кыргыз кантип теңелсин дейт Коңурбай. Муну угуп жакшылар, кытай-калмак башкылар: кызыл чоктуу Нескара, калмактардын Ушаңы, кара жалдуу Бороончу, Каткалаңдын Сайкалы, Солондон чыккан Алооке, доңуз мүнөз эр Жолой, Токшукердин Бозкертик, Солобонун Соорондук, Чыраштардын Бедөөнү, Дагырлардын Көдөңү күлүктөн тандап миништи, күрөөкө тондон кийишти, кыргызга каршы бирикти. Бир гана калмактын Ушаң карысы акылга келип, кокус кыргыздын күлүгү келе жатса, аны токтотуп койсок, ушундан ызы-чуу чыгып, кылычты кындан чечишип, кыргыз, калмак жабыла кырылышып кетишип, балаанын оту жанбасын, башынан душман кытайдын бар табасы канбасын, андай болсо кыргыздар кыямат кайым болгончо бизге кыргынын баспай өч болот деп калмактарды сабырга чакырат. Буга Жолой караманча каршы чыгат, кытай эле болот тууганым, кытайдан кантип кетейин, кыргызды самап нетемин, Кан Коңурбай айткан соң кара жандан кечемин дейт шымаланып. Жолой андай дебешке болбой калды, күрөштө Кошой дөө жыгып алып, башын аттап кетти, Манасы аркасын айра чапты. Болбой эле Жолойду ээрчиген калмактар да аттардын алдынан тосмок болду.
Ат токтолгон жер. Байгеге барып чабылар аттар турган жер Түркүстөндүн ары жагы, Куу-Жекендин аралы экен. Аттын баары тыныкканда алтымыш калыс алдын токтолуп, бата күтүп турду. Бу Куу-Жекен дегени баш-аягы түшчүлүк, дайрага жакын саз жер экен, саз бойлой жапан учкан өрдөк менен каз экен, ошолорго жери ылайык саз экен. Жекендин ошол жеринен жапай жаткан каркыра, турна, казынан, чулдук менен өрдөктөн баш адашып көп аттар, көтөрүлүп учканча, туякка тебелеп кетишти. Ошол кезде калыстар жарышты баштап ийишти. Учкан куштай сай тулпар урунуп жолго салышты, туяктары жер басып, үстүндөгү боз балдар оң-солдоп камчы чабышты. Шашкеде коё берген ат Улаан учу Кара-Кумга кечинде келип калышты, алты миң адам аттарга байкоо салышты. Алар көзүн албай турушту, миң ат өтүп болушту, анан алар артынан салып жүрүштү. Эми алдыда Иле суусу бар, ар жагы Капал тоосу бар. Кең Иленин суусуна келгенде Манастын аты Аккула "кара тер басып камыгып, кара бою нымыгып сөөгүнөн суу чыгып, таноосунан буу чыгып, тар колтуктан суу чыгып, өпкөдөгү канаты өсүп жаңы жазылып, туяк тийген жерлери жер очоктой казылып, кара болот суулугу жерди көздөй басылып" желдей учуп бүгүлдү, артындагы калыстар баш байгеден түңүлдү. Жети аттан кийин келаткан Аккула жебе огундай кыркырап, даңкандан аткан таштары төө мылтыктын огундай, үстүндөгү чабандес жеңи чолок, сур күрмө төбөсүндө чыркырап.
Күлүктөрдүн биринен бири өтүшү. Эң алдыда Жолойдун аты Ачбуудан келет. Артынан эле Төштүктүн аты Чалкуйрук, Көйкап жерин, перилер элин көрүп, алты эсе күчтөн айрылган экен жаныбар, ал келе жатат, жел учкандай бурулуп, Ачбуудандан өтсөм деп, ашка чукул жетсем деп, көй күлүктөн чыксам деп, Көкөтөй туусун жыксам деп коёт. Бир замат Ачбуудандын ачуусун келтирип, алда кайда артына калтырды. Жолой билбей калганбы, бир күндүк тери калган экен, ошол терин алышпаптыр. Чалкуйрукка жанашып Кошойдун аты Чоңсары келет, ач маралдай бүгүлүп, ач күсөндөй түйүлүп, көкүлү көккө шүйүлүп. Андан кийин Будаңчаңдын Салкара ат, ага удаа эле Музбурчактын Телкүрөң, аны бир аз семиз чаап салыптыр, анан кийин Карачтын аты Жаркызыл, анын арка жагынан Алоокенин Наркызыл. Булардан кийин Көкчөнүн аты Көгала, муну байгеге кошор алдынан көбүрөөк байлап салган бейм, этинен оогон кези экен. Үстүндөгү жаш бала ошону билип, Көкчөнүн тилин алам деп убалына калдым деп көз жаш кылып барат. Жарышта аларга жанаша Калкамандын Казгара, Султакандын Тазгара, Чегиштин аты Сарала, Агыштын аты Карала, Көчпөстүн аты Чабдары, көт жагынан чукулдап Бакайдын аты баратат. Дагы артынан Үмөттүн аты Жаркызыл, Бакча бийдин Баркызыл, Багыштын аты Суркийик, Шыгайдын аты Акмоюн, Аталабектин Акжамбаш, Санжыбектин Саркызыл, Чыноончүктүн Чияла. Мунун баары байге алат, алтымыш атка байге бар, алганга сонун пайда бар. Алтымыштын аягы Кулабээ, артынан ичмек түшүп, алсырап калыптыр. Ошентип алар Каркыра журту кайда деп, Көкөтөйдүн көк туусу көздөн учуп келатат.
Аттарга кара саноо. Аттардын чыгып алдынан, Коңурбай жөнөп алыптыр. Дароо жетип барыптыр, Чоң Иленин боюна, Короготу, Кош-Көлдүн Сары-Жазы оюна. Ошол жерге жетип караса ат бубагы баары буу, айгайлаган ызы-чуу, астындагы Ачбуудан, артындагы Чалкуйрук. Эликтей чуркап Чалкуйрук эңкейиш жерден өтүптүр, өөдө жерде Ачбуудан, өкүм күлүк союлгур, астына чыгып кетиптир. Ал экөөнүн артынан, үчүнчүдө, эти кызып, бою ысып Аккула келет алкынып. Коң төрө өзү баш болуп кырк төрт кытай жабылып Аккула атты жыгууга камынды. Эки жайсаң туурадан чыкты, арстандын аты аларды аттап өтүп кеткенде Алгара атын чапкылап Коңурбай өзү жөнөдү. Ошол кезде чаңга аралаш чапкылап Арчатору чуратып Манас да жетип барыптыр. Барып эле Коңурду чокусунда чогу бар, өзөк кылып салдырган көк коргошун огу бар, толгомолуу камчы менен оң имерип алып, "атымда, капыр, эмнең бар" деп оройдон ары салды эле малакайдан чаң чыкты, жаак жарылды, кан чыкты. "Эстен танып эңгиреп, эрдемсиген Коң төрө акылдан танып зеңгиреп, аттын жалын кучактап, жаагы кеткен жарылып, аккан каны буурчактап". Муну көрүп турган Алмамбет "атка кара санаган андай эмес, мындай деп Жолойдун аты Бууданды чокудан ары урганы, мүргүп барып жыгылып Ачбуудан араң турганы, Чалкуйрук өтүп алыптыр, антип-минтип оңолуп Ачбуудан кайтып жолго киргенче үч ат ашып калыптыр. Жин тийгенден Жолой дөө Алмамбетке барыптыр. Алеңгир жаага ок кезеп атамын деп калыптыр. Муну байкап турган Акбалтанын Чубагы эшик эндүү айбалтасын белдин сууруп алыптыр, бейли бузук Жолойду оройдон ары салыптыр. Жолой дөө арка жагын караса Кыргыл чалы баш болуп, кыямат азыр түшүрчүдөй кырк жигит карап туруптур. Муну көрүп чоң Жолой качып кирди калмакка. Ушаң айтса көнбөстөн калды баары чатакка. Арстан Манас менен аксакал Кошой баш болуп келген аттарды бирден туткула, байгесин жоктогула деп жигиттер Челек менен Чарында, Үч-Алматы боюнда, Үч-Булактын оюнда жүрдү. Аяк аттын байгесин, ала турган пайдасын Кызыл-Кыя белине, Тологойдун жерине сан кой солоп салыптыр (акыр заман журтуна аты Сары-Тологой атак болуп калыптыр). Аттын ээси чапкылап, арстан эрди бошотпой азапты алар салыптыр, айланышып ал элге кечигип баатыр калыптыр...