Бишкекте эмчек, жатын рагын аныктоо жумалыгы өтөт. Текшерилүү акысыз

Онкологиялык оорулардан каза болгондордун саны боюнча Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчи орунда турат.
Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Бишкекте 30-январдан 3-февралга чейин 25-60 жаштагы аялдардын жатын моюнчасынын жана эмчек рагын аныктоо жумалыгы өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.
Иш-чара Рак менен күрөшүүнүн дүйнөлүк күнүнө карата уюштурулууда.
Маалыматка ылайык, илдетти аныктоо жумалыгы борбор калаадагы № 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 9 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда жана Бишкек шаардык студенттик бейтапканасында өтөт.
"Бул күндөрү бардык каалоочулар эмчек, жатын моюнчасын дарыгерлерге текшертип, кольпоскопиядан бекер өтө алат. Иш-чаранын негизги максаты — жатын моюнчасынын жана эмчек рагын алдын алууга коомчулуктун көңүлүн буруу", — деп билдирди министрлик.
Кыргызстанда жыл сайын онкологиялык оорулардын 5,5 миңге жакын жаңы учуру катталат. Бул илдеттен каза болгондордун саны боюнча Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчи орунда турат.
Рактан оолак болуу үчүн бир нече эрежени сактагыла. Дарыгердин кеңеши