БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Кыргызстандык белгилүү балбандар Айсулуу Тыныбекова менен Айпери Медет кызы Хорватиядагы Zagreb Open эл аралык турнирине катышат. Бул тууралуу Бириккен күрөш уюму (UWW) билдирди.
Рейтинг топтоочу турнир 1-5-февраль күндөрү Хорватиянын борбору Загребде өтөт.
Килем бетине Айсулуу 62 килограмм салмактагылар арасында, Айпери 76 килограмм салмактагылар арасында чыкмакчы.
Ал эми эркек балбандардан кимдер катыша турганы белгисиз, уюмдун сайтында маалымат бериле элек.