Кыргызстандын бардык аймагына бюджеттин эсебинен ипотекага үй куруу пландалууда

Батирлер жарандарга мамлекеттик ипотека аркылуу берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кыргызстандын бардык аймагына бюджеттин эсебинен мамлекеттик ипотека аркылуу берилчү көп кабаттуу үйлөр курула турганын президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Алсак, Бишкек шаарында жайгашкан мурдагы №47 колониянын ордуна 10 миң батирлүү кичи район түшөт. Бишкектин батыш тарабында жайгашып, 8,5 гектар аянтты ээлеген түзөтүү колониясынын имараты 2022-жылы бузулган.
Батирлер мамлекеттик ипотека аркылуу берилмекчи.
Султанбаев "Менин үйүм 2021-2026" программасынын алкагында бир жарым жылдын ичинде 2536 батир 6,2 миллиард сомдон ашык суммага берилгендигин кошумчалады. Ошондой эле президенттин маалымат катчысы өткөн жылы Германиянын KfW банкы Кыргызстандын 15 миллион евро карызын кечип, ал каражатты Мамлекеттик ипотекалык компанияга (МИК) берүү шартын койгондугун эскерткен.
Ага ылайык, өлкө бюджетинен МИКке үч жылда (жылына 5 миллион евродон) каражатты которушу керек. Ошондой эле бул акча Ош менен Бишкектен башка региондогу жарандарга ипотекалык кредит үчүн берилиши кажет. Ушул талапты аткарса гана KfW банкы карызды жоёт.
"Бүгүнкү күндө 4,966 миллион евро өлчөмүндөгү биринчи транш "МИК" ачык акционердик коомуна берилди", — деди Султанбаев.
Бишкектин 11-кичи районуна көп кабаттуу үй курганга инвестор изделүүдө. Эскиз