Радио

Өлкөдө 26 миң ККМди жаңылоо зарыл. Салык кызматы себебин түшүндүрдү

Салык кызматынын ККМди контролдоо бөлүмүнүн башкы инспектору Жаннат Абдыракманова аппараттарды жаңылоо муктаждыгы эмнеден улам жаралганын айтып берди.
Sputnik
1-мартка чейин 26 миң ККМди модернизациялоо же жаңылоо шарт. Бул тууралуу Жаннат Абдыракманова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө ККМ орнотууга тийиштүү болгон 100 миң соода түйүнү бар.
"1-марттан кийин ККМдер жаңы техникалык талаптарга жооп бериши шарт. Эски ККМдерде фискалдык маалыматтарды жөнөтүүчү жабдыктан (УПВД) маалыматтарды өзгөртүүгө мүмкүндүк бар эле. Бул салыктык пландарды аткарууну татаалдантчу. Ошондуктан өлкөдө ККМдердин техникалык талаптары жаңыртылды. Эми ККМди өчүрүп коюуга, андагы маалыматты өзгөртүүгө мүмкүн болбойт жана Салык кызматынын базасына маалыматтар түз жөнөтүлөт. Учурда өлкөдө 66 миң ККМ активдүү иштеп жатат. Алардын ичинен 40 миңге чукулу жаңы техникалык талаптарга ылайык келет. Ал эми 26 миң ККМди модернизациялоо же жаңылоо шарт. Бул аппарат кымбат болгондуктан мамлекет тарабынан каражат бөлүнүп, 10 миң гибриддик ККМ акысыз таратылды. Алдыда бул багытта иштер жасала бермекчи. Мындан тышкары, комбанктар 9 миң ККМдин 1800үн таратты, иш уланат", — деди Абдыракманова.
Ошондой эле ал ККМдерди орнотуу көмүскө экономиканы азайтууга жол ачарын кошумчалады.