БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Түркия Украинадагы жаңжалды этап-этабы менен жөнгө салуунун жаңы ыкмасын сунуштап жатканын президенттин маалымат катчысы Ибрагим Калын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
“Түркия согуштук аракеттерди четинен, аз-аздан токтотуу идеясын жана чакан деэскалация чараларын жайылтуу ниетин көздөйт”, — деди Калын.
Ал Москва менен Киевдин ортосунда толук масштабдуу тынчтык келишими жакынкы айларда түзүлүүсү күмөн деп эсептейт.
Россия 24-февралдан бери Украинада атайын операция жүргүзүп жатат. Президент Владимир Путин муну “сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан куугунтукка жана геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо милдети” деп атаган. Анын айтымында, түпкү максат — Донбассты бошотуу жана Россиянын коопсуздугуна кепилдик бере турган шарттарды түзүү.