Бурулайдын өлүмүнөн улам иштен алынган Асанов Ош ШИИБге жетекчи болду

Учурдагы начальник Акылбек Мамасейитов башка кызматка которулары айтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси болуп Марлис Асанов дайындалганын ИИМдин маалымат кызматы тастыктады.
Ал эми ШИИБдин учурдагы начальниги Акылбек Мамасейитов башка кызматка которула турганы айтылууда.
Белгилей кетсек, Марлис Асанов 2018-жылы Чүй облустук милициясынын башчысынын орун басары болуп турганда 20 жаштагы Бурулай Турдали кызынын Жайыл РИИБинде өлтүрүлүшүнөн улам кызматтан алынган болчу. Кийинчерээк Талас облустук ички иштер башкармалыгына жетекчи болуп барган. Учурда ал жактан ротация болуп жатат.
Эске салсак, 2018-жылы 28-майга караган түнү Кыргызстанда төбө чачты тик тургузган окуя болгон. Ошол түндө 30 жаштагы киши Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө ала качып алган кызын бычактап, кийин өзүнө да кол салган. Бурулай Турдали кызы алган жараатынан улам каза болуп, эркек киши ооруканага түшкөн.
Кийин сот болуп, кызды ала качкан Марс Бөдөшев 20 жылга, окуяга катышкан Акмат Сеитов жети жылга эркинен ажыратылган.
Ал эми айып тагылган милиция кызматкерлери Ильич Иманалиев, Эржан Кадышев жана Мирлан Макеевдин ар бири 260 миң сомдон айыпка жыгылган. Мындан сырткары, жоопко тартылгандар Бурулайдын ата-энесине 100 миң сомдон компенсация төлөп берүүгө милдеттендирилген. Сот мындай чечимин айыпталуучулардын буга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартылбаганы менен түшүндүргөн.
Полковниктер. 4 облустун ички иштер башкармалыктарына жаңы жетекчилер дайындалды