Караколдун жашоочулары таштандыны иргеп салууга көнүп жатышат. Сүрөт

Каракол шаарындагы таштандыны бөлүп салуучу бир челектин баасы 17 500 сомду түзөт.
Sputnik
ЫСЫК-КӨЛ, 10-янв. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарынын көчөлөрүндө орнотулган түстүү,  таштандыны бөлүп салчу заманбап челектерге республикалык бюджеттен беш миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу аталган калаадагы "Тазалык" ишканасынын жетекчиси Бердибек Мамбеталиев билдирди.
1 / 4

Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарынын көчөлөрүндө орнотулган түстүү, таштандыны бөлүп салчу заманбап челектерге республикалык бюджеттен беш миллион сом бөлүнгөн

2 / 4

Аталган челектер "Каракол өнүгүү чекити" долбоорунун алкагында жасалган

3 / 4

Келечекте таштандыны иргеп салчу челектен дагы 570ти орнотууну пландап жатат

4 / 4

Учурда Каракол шаарынын тургундары жана коноктору желим, кагаз жана айнекти өз-өзүнчө кылып үч бөлүктөн турган таштанды челектерге сала баштады.

Аталган челектер "Каракол өнүгүү чекити" долбоорунун алкагында жасалган.
"Баш-аягы облус борборуна 286 челек жасалса, азырынча 190у коюлган. Калганы таштандыны кайра иштетүүчү завод иштей баштаганда орнотулат. Алардын 90у үч мерчемдүү форматта, бир челектин баасы орто эсеп менен 17500 сомду түзөт", — деди ал.
Мамбеталиев келечекте таштандыны иргеп салчу челектен дагы 570ти орнотууну пландап жатканын кошумчалады.
Учурда Каракол шаарынын тургундары жана коноктору желим, кагаз жана айнекти өз-өзүнчө кылып үч бөлүктөн турган таштанды челектерге сала баштады.
Бишкекте таштанды иргөөчү пункт иштей баштады. Сүрөттөр