БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Баткен облусунун тоолуу аймагында кар аралап бир жол менен чубаша кетип бара жаткан кийиктерди, өргө чыгып бара жаткан илбирстерди көрүүгө болот. Мындай видеону Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өзүнүн сайтына жарыялады.
Анда Баткен облусунун аймагында жапайы жаныбарлардын кышкы санагы жүрүп жатканы айтылган.
"Жаратылыш ресурстар министрлигинин кызматкерлери тарабынан текшерүү учурунда алар адатта адам көзүнөн жашырылган укмуштуудай кооздуктарды, тагыраак айтканда, үйүр тоо эчкилерди жана ак илбирстерди камерага тартып алышкан", — деп жазылган маалыматта.