БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Бишкек — Ош жана Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолдору, Сосновка жана Арал посттору унаа кыймылы үчүн ачык экенин ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
“Кар калың жаап, жол кыймылына бир топ ыңгайсыздыктарды пайда кылганы менен ЖКККББнын жана тийиштүү кызматтардын ыкчам аракеттеринин натыйжасында жолдор тазаланды”, — деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда бардык көзөмөл-өткөрмө пунктуларында автоунаалардын бардык түрлөрү жол кыймылын улантууда.
ЖКККББ айдоочуларга төмөнкү эрежелерди так сактоого чакырат:
жолдордун тайгактыгын же кечкисин жол тыгыны пайда болорун эске алып, жолго 20-30 мүнөт эртерээк чыгыңыз;
унаанын жалпы техникалык абалына көңүл буруңуз;
жолдо жүрүү учурунда ылдамдыкты көрсөтүлгөн белгиден ашырбаңыз;
алдыдагы унаа менен болгон аралыкты сактаңыз;
озуп өтүүдө же маневр жасоо учурларында карама-каршы багыттагы келе жаткан унаага көңүл буруңуз;
алыскы жолго чыга турган болсоңуз сөзсүз түрдө дөңгөлөккө оролуучу чынжырларды же кошумча дөңгөлөктөрдү алып алууну унутпаңыз.
ЖКККББ жолдордогу мындай катаал кырдаал 3-4 күнгө чейин уланарын эскертип, айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.