БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Улуу Британия 2023-жылы башка G7 өлкөлөрүнө салыштырмалуу экономикадагы эң катаал рецессияга тушугат. Бул тууралуу Financial Times гезити экономисттерге шилтеме берип жазганын РИА Новости кабарлады.
Эксперттердин пикиринде, пандемия жана Россиянын Украинадагы атайын операциясы менен шартталган инфляциялык шок Британияда башка өлкөлөргө салыштырмалуу узакка созулмакчы. Бул Англия банкын жогорку пайыздык коюмдарды кармап турууга, ал эми өлкөнүн өкмөтүн "катаал фискалдык саясатты жүргүзүүгө" мажбурлай турганы айтылат.
"Улуу Британия келерки жылы G7деги эң катаал рецессиялардын бирине тушугат жана калыбына келүүсү да оор болот. Анткени үй чарбалары өкмөттүн туура эмес эсептөөлөрү үчүн чоң бааны төлөп калышат", — деп айтылган маалыматта.
Экономисттер Британиянын Ички дүң продукциясы азыртадан эле төмөндөй баштаганын, 2023-жылы дагы ылдыйлай турганын айткан.