ЖКККББ: милиционер мас болуп автоунаа айдап бараткан видео текшерилүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык милициянын кызматкери ичип алып рулга отурганы боюнча тараган маалыматты текшерип жатат. Бул тууралуу аталган башкармалыктан кабарлады.
Коомдук активист Эртай Искаков телеграмм-каналына видео жүктөп, "Сокулукта мас болуп алып рулга отурган кызматкер" деп жазган.
Сот Ошто мас болуп чыр салган милиционерди 500 миң сом айыпка жыкты