Садыр Жапаров: мамлекеттик сыйлыкты тааныш менен бергендердин орду түрмө болот

Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сыйлыкты мындан ары өлкөгө эмгеги сиңгендер гана ала турганын билдирди. Ал "Кабар" улуттук агенттигине маек берген.
Президент бүгүн ар кыл чөйрөнүн ишмерлерине мамлекеттик сыйлыктарды жана наамдарды тапшырган.
Журналист өлкө башчыга мурда "Бийлик качарда сыйлыктарды берип баштачу эле" деп жазганын эскертип, бул ирет дагы көптөгөн жаран мамлекеттик сыйлыктарды алганын айткан.
"Ооба, 2015-жылдары жазсам керек эле. Ал кезде сыйлык татыктуу адамдарга берилбей эле, "дежурларга" көп берилген убак болчу. Ким бийликти мактап-жактап, коргоп турса, ошолорго же бийликтин жакындарына берилчү. Ошону айткам. Эми мындан ары мамлекетке эмгеги сиңгендер гана алат. Администрациядан кимде-ким мурдагыдай коррупциялык жол менен сатып же тааныш-билиш кылып бере баштаган болсо, анын орду түрмө болот", — деди Жапаров.
Сыйлангандардын толук тизмеси менен президенттин сайтынан таанышууга болот.
Садыр Жапаров төрт кызматкерге генерал наамын ыйгарды. Сүрөт