Психолог сүйүүнү жок кыла турган эки факторду атады

Адис таарыныч, көңүл калуу сыяктуу нерселер 20-30 жылдык мамилени дагы бузуп коёрун айтат.
Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Аял менен эркектин ортосундагы сүйүү сезимин жок кыла турган эки негизги себеп бар. Алар: бири-биринен алыстап кетүү жана түшүнбөстүк. Бул тууралуу психолог Мишель Вайнер-Дэвистин пикирине шилтеме берип "Доктор Питер" басылмасы жазды.
Адис алгач алыстап кетүүнүн себептерин түшүндүрдү.
"Сүйүү өйдө-ылдый болуп турчу нерсе. Мисалы, мамиленин башында ысык болобуз дагы, бара-бара акырындан сууй баштайбыз. Ошол учурда аял менен эркек өздөрүн мурдагыдай бири-бирине эмес, жумушка, балдарга, досторго, атүгүл кээде гаджетке арнап коёт. Ошентип басаңдап калган сүйүү таптакыр жок болуп кетет", — деди психолог.
Ошондой эле ал таарыныч, көңүл калуу сыяктуу нерселер 20-30 жылдык мамилени дагы бузуп коёрун айтат.
"Адамдар жашоодо ар кандай сыноолорго туш болобуз. Жубайлар бири-бирине таарынат, ызаланат. Мындай учурда биз "менин түгөйүм деле мен сыяктуу тоскоолдуктан коркту, эмне кыларын билбей калды" деп ойлобойбуз. Башкача айтканда, ачык сүйлөшпөйбүз, бири-бирибизди түшүнүүгө аракет кылбайбыз", — деди Вайнер-Дэвис.
Андыктан адис эки киши ортодогу сезимди дайыма багып, убактылуу кыйынчылыктарга алдырбашы керектигин эскертет.
Баласы туулганда эркектин мээси чоң өзгөрүүгө дуушар болот. Жаңы изилдөө