00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Стимул
17:05
51 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
7 мин
Особый акцент
Жара опасна для гипертоников: кардиолог о симптомах, воде и правилах поведения летом
14:09
63 мин
Ачык кеп
Бишкек шаарындагы дарактарды коргоо жана жашылдандыруу иштери
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
«Театр Боотура» в Бишкеке: якутский эпос, три «Золотые маски» и живой диалог со зрителем
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Пассивдүү жашоо образы дүйнөдө өлүмдүн төртүнчү себеби болуп калды — буга эмне кылуу керек?
17:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
Утилизационный сбор год спустя: сколько собрали и почему переработка всё ещё буксует
18:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Оор жараатка карабай жашоону сүйгөн ардагердин өмүрү
19:06
32 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Кто и как считает климатический ущерб в КР
20:06
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
8 мин
Ачык кеп
Бишкек шаарындагы дарактарды коргоо жана жашылдандыруу иштери
21:10
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Базарбаев: КР мигранттары РФте каттоого туруу үчүн 31-декабрга чейин убакыт берилет

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевЭмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев. Архив
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2022
Жазылуу
Азыркы тапта Россияда 650 миң кыргызстандык бар, анын ичинен 73 миңи өз убагында миграциялык каттоого турган эмес.
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москвада ачылган өкүлчүлүгүнө бир айда 248 кыргызстандык жумуштагы талаш-тартыштар боюнча жардам сурап кайрылган. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Анда айтылгандай, мигранттардын эл аралык күнүнө карата атайын иш-чара өткөн. Ага эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, КРдеги миграция боюнча эл аралык уюмунун, ИИМ жана ТИМдин, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышкан.
"Бир ай ичинде биздин министрликтин Москвадагы өкүлчүлүгүнө 248 адам кайрылды, бул маселелердин артында 20 миллион рубль турат (мигранттар иштегенден соң ала албай калган акчалардын суммасы — ред.). Ай аралыгында өкүлчүлүктүн кызматкерлери биздин жарандарга жарым миллион рублди иштеген жерлеринен кайтартып берүүгө жетишти. Дагы 17 иш Эмгек боюнча инспекцияларда кароодо турат", — деди Базарбаев.
Аткаминер азыркы тапта Россияда 650 миң кыргызстандык иштеп жүргөндүгүнө токтолуп, анын ичинен 73 миңи өз убагында миграциялык каттоого турбагандыгын белгилеп, аларга 2022-жылдын 31-декабрына чейин убакыт бериле турганын айтты.
"Президенттин тапшырмасы менен Москвага барып, Россиянын бир катар түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен жолугуштум. Анын натыйжасында биздин жарандарга миграциялык каттоого турушу үчүн 2022-жылдын 31-декабрына чейин убакыт бериле турган болду. Мындан тышкары, Россиянын "Паспорттук-визалык сервистеринин" филиалдарын ачуу да сүйлөшүлдү. Мындай пунктуларды ачуу менен кыргызстандыктар четке чыкканга чейин эле медициналык кароодон жана башка процедуралардан өтүшүнө шарт түзүлөт", — деди министр.
БУУ системасынын КРдеги туруктуу координатору Антье Граве дүйнө жүзү боюнча эмгек мигранттарынын саны 280 миллионду түзөрүн билдирди. Мигранттардын эл аралык күнү жыл сайын 18-декабрда белгиленип келет.
Москвада көчөдө бараткан адамдын документтерин текшерип жаткан полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.12.2022
Москвадагы кыргызстандыктар укугун коргоо үчүн каякка кайрылса болот? Номерлер
Жаңылыктар түрмөгү
0