КМШнын бейформал саммити 26-27-декабрда Санкт-Петербургда өтөт

КМШнын аткаруу комитетинин башчысы президенттердин жолугушуусу кызматташууга кошумча дем берет деген ишенимде.
Sputnik
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. КМШга мүчө-мамлекеттердин жетекчилеринин бейформал жолугушуусу 26-27-декабрда Санкт-Петербург калаасында болот. Бул туурасында РИА Новости уюмдун Аткаруу комитетинин төрагасы, аткаруучу катчысы Сергей Лебедевге шилтеме кылып кабарлады.
"Келерки аптада бир топ маанилүү болгон, мамлекет башчылардын бейформал жолугушуусу өтөт. Президенттердин жолугушуусу кызматташууга кошумча дем берет деген ишенимдебиз", — деп айткан Лебедев журналисттерге Минск шаарында.
Кремль пулунун Telegram каналы t.me/RIAKremlinpool/8446 саммитке Азербайжандын, Казакстандын, Беларустун, Түркмөнстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын президенттери жана Армениянын премьер-министри катышарын кабарлады.
Бул узап бара жаткан жыл ичиндеги КМШ лидерлеринин экинчи ирет өтүп жаткан бейформал саммити болуп калмакчы.
Эске салсак, буга чейин да Санкт-Петербургда уюштурулган аталган форматтагы жолугушууга да Кыргызстандын жетекчиси Садыр Жапаров катышкан эмес.
КМШга мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин бейформал саммити. Видео