Өткөн жумада 44 миңден ашык киши сасык тумоо, грипп менен ооруду

Бейтаптардын көбү балдар экени маалым болду.
Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн жумада сасык тумоо, гриппке чалдыккандардын 44 106 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен кабарлады.
Илдет жабышкандардын арбыны, тагыраагы, 72,6 пайызы 14 жашка чейинки балдар экени маалым болду.
Мурдагы жумада 14 093 киши, андан аркы аптада 9 394 адам сасык тумоо жана грипп болгон. Статистикалык маалыматтарга карасак, жума сайын ооругандардын саны өскөнүн байкоого болот.
Эске салсак, өлкөдө окуучулар оорунун арбып кетишинен улам 24-декабрга чейин аралыктан окууга өткөн.
Пресс-борбор
Мектептерде карантин узартылабы? Министрликтин жообу