БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Кыргызстанда "Экономиканын жогорку мектеби" Улуттук изилдөө университетинин филиалы ачылышы мүмкүн. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн аталган университеттин ректору Никита Анисимовду кабыл алып, кызматташуу туурасында сүйлөшкөн.
Жолугушууда билим берүү, академиялык жана илимий изилдөөлөр тармагындагы өз ара алака тууралуу кеп болгон.
"Билим берүү системасынын интеграциясы жана өз ара иштешүүсү, экономика жана финансы тармагындагы адистердин квалификациясын жогорулатуу маселеси, Кыргызстанда университеттин филиалын ачуу келечеги талкууланды", — деп айтылат маалыматта.