Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

“Элдик фронттун” активисттери аскерлерге жардам жеткиришти. Видео

“Элдик фронттун” активисттери бир айдын ичинде элден 4,5 миллиард рубль топтогонун айтышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. “Бүткүл россиялык элдик фронт” коомдук кыймылынын активисттери Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Запорожье багытындагы алдыңкы позицияларына жардам жеткирди. Бул тууралуу РИА Новостинин кабарчысы билдирди.
Агенттик өзүнүн Telegram каналына анын видеосун жүктөгөн.
Алар жолтандабастар, абадан чалгындоочу жабдуулар, “антидрондук куралдар”, медициналык каржаттар жана башка гуманитардык жардамдан турган.
“Ушул айдын ичинде биз жарыялаган жыйноого бир жарым миллион адам жооп берип, бир айдын ичинде 4,5 миллиард рубль чогулттук. Ал акчага 55 автоунаа, керектүү нерселердин бардыгын сатып алдык... Азыр Луганск, Донецк, Запорожьедеги бөлүктөрүбүзгө жеткирип жатабыз... Запорожье багыты боюнча беш автоунаа жеткирдик. Нива, УАЗ жүк ташуучу автокөлүктөрү. Албетте, алар гуманитардык жүк менен толтурулат. Ок өтпөс жилеттер, каскалар, квадрокоптер жана башка көптөгөн нерселер бар”, — деген “Элдик фронттун” өкүлү.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Донецкидеги оорукана аткылоого кабылып, бир бейтап көз жумду. Видео