Адис автоунаа менен күрткүдөн кантип чыгып кетсе болорун айтып берди

Айдоочулар кышкысын бир топ кыйынчылыктарга туш болору белгилүү.
Sputnik
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Автоунаа менен күрткүдөн кантип чыгуу керектигин RT телеканалына адис Максим Соколов түшүндүрдү.
Биринчи кадам — күрөк менен карды тазалоого аракет кылуу. Тагыраагы, автоунаа чыгып кетиши үчүн дөңгөлөктөрдүн астына жол салуу. Колуңузда күрөк жок болсо карды бутуңуз менен таптап же күрөктүн ордуна башка буюмдарды колдонсоңуз болот. Негизгиси, салынган жол менен өтө жай чыгыш керек.
Соколовдун айтымында, мындай учурда көбүнчө артка жүрүш керек.
"Дөңгөлөктөр жай айлануусу үчүн газды сүйөп гана басып туруңуз. Эгер тайгаланып жатканын сезсеңиз, дароо токтоңуз", — деп кошумчалады ал.
Бул ыкма жардам бербесе автокөлүктү ары-бери кыймылдатууга аракет кылуу керек.
"Ал үчүн газды басып, кайра бутту алып отуруп, акырындык менен амплитудасын жогорулатуу зарыл. Азыр бир буттун ордуна эки бутту колдонуңуз: оң бутту газга, сол бутту тормозго коюңуз. Анан алдыга жана артка жылууга аракет кылыңыз. Мындай жол менен автоунаа инерция алып, күрткүдөн чыгып кете алат", — деди адис.
Мындан тышкары, көпчүлүк айдоочулар дөңгөлөктүн астына кандайдыр бир нерсени төшөп туруп жылып кетүү ыкмасын пайдаланышарын айтат. Ошол эле учурда эң майнаптуу жолу башка айдоочулардан сүйрөп чыгарып коюуну сурануу экенин кошумчалайт.
"Мындай учурда тросту уавтонаага туура бекитүү керек, тартылып жаткан учурда чыгып кетчү болсо кузов бир топ зыянга учурайт", — деди Соколов.
Автоэксперт: жайкы дөңгөлөктү кышкыга азыр алмаштыра бериңиз