Токтогулда бейтапкана жетекчиси 1 млн. сом кымырган деп кармалды

Жетекчи подрядчынын аткарбаган иштерин кабыл алып, андан пайда көрүүнү максат кылган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Токтогул районундагы Жалпы медициналык практика борборунун башчысы Ж.А. коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, бейтапканадагы коррупциялык схеманын бети ачылып, мамлекетке бир миллион сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталган.
"Ж.А. кызматтык укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, жеке пайда көрүү максатында подрядчынын келишимдин шарттарын аткарбаган иш актыларына кол койгон", — деп айтылган маалыматта.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, өзүнө же башка адамдарга, же башка жеке кызыкчылыктарга пайда алып келүү максатында”) менен иш козголгон.
Кармалган бейтапкана жетекчиси УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө иштери жүрүп жатат.
Маршрутка айдоочуларын опузалап... Пара алып жаткан бөлүм башчы кармалды. Сүрөт